Депутат Рыскелди Момбеков: "Өкмөттүн бюджетине киреше алып кире турган эки тармакта коррупциянын калың экенин эл билет"

Коомчулукта Бажы кызматында көп жыл иштеген Райымбек Матраимовго карата "миллион" деген ат коюлуп, коррупцияга шектелиши, Жогорку Кеңештин депутатынын аткезчиликке айыпталып коңшу өлкө тарабынан кармалышы, аткезчилердин атышуулары, ЕАЭСке кирген өлкөлөрдүн нааразычылыктары Кыргыз Бажы кызматында ири коррупция бар экенине жетиштүү негиз.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Эмнеге бийлик бул тармактагы коррупциянын бетин ачып, жойбой жатат?" деген соболуна депутат Рыскелди Момбеков жооп берди.

Ал бул тармактагы коррупцияны ачууга өкмөт өзү кызыкдар болбой жатканына таң калып жатканын айтты.

"Бажы тармагында же салык тармагында, же негизги өкмөттүн бюджетине киреше алып кире турган ушул эки тармакта коррупциянын калың экенин эл билет. Анан бул жаатта коррупциялык нерселерге согуш жарыяланып же болбосо аны жоюудагы өкмөттүн аракеттери натыйжа бербесе элдин бийликке болгон ишеними кетет. Өзүм дагы таң калам, эмнеге бул тармактагы коррупцияны ачууга өкмөт өзү кызыкдар болбой жатат? Былтыр февраль айында президент айткандан кийин жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашык акча каражаттары боюнча кылмыш иштери козголгон, бирок алар 1 жылдан бери белгисиз. Ошол акчалар өкмөткө кайтарылдыбы, уурдагандар такталдыбы, кандай сурак, кандай жооп болду маалымат жок.

Ушундай нерселердин баары өкмөттүн коррупцияга каршы күрөшүндө аракеттери алсыз экенинен кабар берет. Илгери Турсунбек Чыңгышев айткандай, бажы тармагындагы коррупция боюнча бир гана жалкоолор айткан жок. Учурда бул тууралуу кошуна мамлекеттердин өкмөт башчылары, укук коргоо кызматтары да Кыргыз өлкөсүндөгү бажы тармагындагы аткезчиликте чоң акчалар ойноп жатканын айтууда", - деди Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова, укук коргоочулар Рита Карасартова, Динара Ошурахунова жана активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан