Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланды.
Аталган жыйында жаңы кызматына киришкен финансы министри Бактыгүл Жээнбаева менен транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов ант беришет.
Ошондой эле ар кандай маселелер каралат. Мындан тышкары "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, ички жана тышкы миграциясынын учурдагы абалы жөнүндө талкуу болот.