Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүүдө. Азыркы тапта ар кандай маселелер каралып, депутаттар жарандардын кайрылууларынын негизинде билдирүү жасашууда.
Жыйында жаңы дайындалган Өкмөт мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева менен транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов ант беришти.
Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору, "Ички иштер органдары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоору талкууланды.
Жогорку Кеңештин жыйыны. Жарандардын кайрылууларынын негизинде көтөрүлгөн маселелер.
Жогорку Кеңештин жыйыны. Сууну пайдалангандар үчүн төлөм киргизүү жөнүндө талкуу болду.
Жогорку Кеңештин жыйыны. 3-бөлүк.
"Ички иштер органдары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкуланды