Жогорку Кеңеште 30-январда КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө маселе каралды. Биринчи добуш берүүнүн жыйынтыгында Чынар Капарова көп добуш алды. Жыйынга бир талапкер келбегени үчүн ага добуш берилбегенин вице-спикер Аида Касымалиева токтом кабыл алынгандан кийин гана депутаттарга айтты. Бир нече депутаттар муну менен регламент бузулганын айтып чыгышты. Кийин биринчи добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып, депутаттар кайрадан добуш беришти. Бирок жыйынтыгында Атыркүл Сарыбаева КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына мүчө болуп шайланды.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кечээ Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочу кеңеши боюнча өзүнүн чечимин бир нече саатта кайра өзгөрттү. КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоодогу бул окуя Жогорку Кеңештин кадырына кандай таасир этти?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев жооп берди.
Ал КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоодо башынан аягына чейин бир талапкерге добуш бергенин айтты.
“КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоодо беш талапкердин бирөө добуш берүүгө киргизилбей калган. Ошол себептен добуш берүүнүн тартиби бузулду. Эл өкүлдөрү тартип бузулду, кайрадан добушка коюлушу керек деген пикирлерди айтышты. Кийин бир тарап сотко берип коюшу мүмкүн эле. Ошондуктан кайрадан добуш берилди. Жыйынтыгында добуш берүү маселесинде ушундай болду. Мен башынан аягына чейин бир талапкерди тандап, добуш бердим. Добуш берүүдө ойлор өзгөрүп кете берет. Бирок мен 3-4 ирет добуш берилсе дагы оюмдан кайтпайм. Татыктуу талапкерге добушумду бердим. Ал эми ою өзгөрүп кеткен 14 депутаттын өз пикирлери болушу мүмкүн”, - деди Жээнчороев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Исхак Масалиев, Садык Шер-Нияз, коомдук ишмер Абды Сатаров, журналист Турат Акимов жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун жообу бул шилтемеде.