Жогорку Кеңеште 30-январда КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө маселе каралды. Биринчи добуш берүүнүн жыйынтыгында Чынар Капарова көп добуш алды. Жыйынга бир талапкер келбегени үчүн ага добуш берилбегенин вице-спикер Аида Касымалиева токтом кабыл алынгандан кийин гана депутаттарга айтты. Бир нече депутаттар муну менен регламент бузулганын айтып чыгышты. Кийин биринчи добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып, депутаттар кайрадан добуш беришти. Бирок жыйынтыгында Атыркүл Сарыбаева КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына мүчө болуп шайланды.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кечээ Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочу кеңеши боюнча өзүнүн чечимин бир нече саатта кайра өзгөрттү. КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоодогу бул окуя Жогорку Кеңештин кадырына кандай таасир этти?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз жооп берди.
Анын айтуусунда, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоодо биринчи добуштун жыйынтыгы менен эле өткөрүп койсо болмок.
“Бирок ошол убакытта биринчи добуш берүүгө кирбей калган талапкер Нургазы Мусаев сотко кайрылганга акылуу болмок. Башында эле мен "биринчи добуш берүүнү жокко чыгарып, кайра добуш берели" деген сунушту бергем. Аягында ошого келдик. Саясатта түшкө чейин бир ой, түштөн кийин башкага өзгөрүлүп кете берет. Шайлоо тартиби дайыма ушундай оюн. Балким, Чынар Капаровадан башка талапкерлер дагы “мен өтөм” деген ниет менен отурду. Мындан трагедия жасабоо керек. Жашоодо далай ашуулар бар. Муну эмне себептен эмоционалдуу түрдө Мусаевди айтып чыкканымды анализ жасадым. Бир кезде мен дагы парламентке келип, маданият министрине ошол кездеги “Ар-намыс” партиясы чакырып, анан кошпой коюшкан. Мүмкүн, ошону дагы эстеп кеттим окшойт. Ал эми кайра добуш берүүнү эртең менен “карга бок чокуй электе” бергем. Бирок эмнегедир төрага Дастанбек Жумабеков сунушумду койгон жок. Аягында Асылбек Жээнбеков кудум мен айткан сунушту кайталап айтты. Анын сунушу дароо коюлду да, өттү. Жогорку Кеңеш, өкмөт дайыма элдин сынына кабылып турат жана ошондой болушу керек. Бул жерде жооткотуу системи да ойнойт”, - деди Шер-Нияз.
Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Исхак Масалиев, коомдук ишмер Абды Сатаров, журналист Турат Акимов жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун жообу бул шилтемеде.