Журналист Турат Акимов: "Байкоочу кеңештин мүчөсүн шайлоодогу көрүнүш саясий оюн болуп жатканын эле билдирет"

Жогорку Кеңеште 30-январда КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө маселе каралды. Биринчи добуш берүүнүн жыйынтыгында Чынар Капарова көп добуш алды. Жыйынга бир талапкер келбегени үчүн ага добуш берилбегенин вице-спикер Аида Касымалиева токтом кабыл алынгандан кийин гана депутаттарга айтты. Бир нече депутаттар муну менен регламент бузулганын айтып чыгышты. Кийин биринчи добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып, депутаттар кайрадан добуш беришти. Бирок жыйынтыгында Атыркүл Сарыбаева КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына мүчө болуп шайланды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кечээ Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочу кеңеши боюнча өзүнүн чечимин бир нече саатта кайра өзгөрттү. КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоодогу бул окуя Жогорку Кеңештин кадырына кандай таасир этти?" деген соболуна журналист Турат Акимов жооп берди.

Ал Байкоочу кеңештин мүчөсүн шайлоодогудай мамиле эл өкүлдөрүнө карата болгондо депутаттар митинг уюштуруп жибермек деген пикирин айтты.

"Эгер биринчи добуш берүүдөн өтпөй калганда ишеним көрсөтпөй койсо болмок. Депутаттар өздөрү биринчи көп добуш алып, экинчи жолкусунда ошончо добуш ала албай калышса митингдерди уюштуруп, саясий комиссия түзүп чыгышмак. Бул нерсе саясий оюн болуп жатканын эле билдирет. Байкоочу кеңеш негизи олуттуу маселени деле чечпейт. КТРКнын директору Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү бүтүп жатканына байланыштуу жаңы жетекчинин ишине каршылык көрсөтпөсүн деп кеңештин курамын жаңылашты окшойт. Талапкерлердин көбү таанымал эмес. Чынар Капарова диктор болгону менен, белгилүү болбосо ал деле көзгө көрүнчү иш жасап, саясий аренада жүргөн жок. Бири жакшы, экинчисин жаман деп айтууга болбойт. КТРК өкмөттүн карамагында болгондон кийин баары эле эртең баш ийип беришет. Байкоочу кеңеш жетекчини жарым жылда бир сындап коюшат, башка иши деле жок", - деди Акимов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Исхак Масалиев, Садык Шер-Нияз, коомдук ишмер Абды Сатаров жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан