Коомдук ишмер Абды Сатаров: “Бир эле маселе боюнча экинчи жолу шайлашканы башка ойлорго түртөт”

Жогорку Кеңеште 30-январда КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө маселе каралды. Биринчи добуш берүүнүн жыйынтыгында Чынар Капарова көп добуш алды. Жыйынга бир талапкер келбегени үчүн ага добуш берилбегенин вице-спикер Аида Касымалиева токтом кабыл алынгандан кийин гана депутаттарга айтты. Бир нече депутаттар муну менен регламент бузулганын айтып чыгышты. Кийин биринчи добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып, депутаттар кайрадан добуш беришти. Бирок жыйынтыгында Атыркүл Сарыбаева КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына мүчө болуп шайланды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кечээ Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочу кеңеши боюнча өзүнүн чечимин бир нече саатта кайра өзгөрттү. КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоодогу бул окуя Жогорку Кеңештин кадырына кандай таасир этти?" деген соболуна коомдук ишмер Абды Сатаров жооп берди.

Ал эгер депутаттар келбей калган кесиптешинин ордуна добуш берип коёлу дешсе, бул маселе жаралмак эместигин айтты.

“Кандай таасир эткенин билбейм. Бирок Байкоочу кеңештин мүчөсүн шайлашты, добуш беришти. Мыйзам боюнча туура эле кетишти. Бирок кайра чечимин жокко чыгарышты. Биринчи добуш берилгенде эле баары мыйзам чегинде болгон, ошол бойдон калууга тийиш болчу. Анан бир киши келбей калганы үчүн баарын жокко чыгаруу туура эмес. Эгер депутаттар келбей калган кесиптешинин ордуна добуш берип коёлу дешсе, бул маселе жаралбайт болчу. Бирок бир эле маселе боюнча экинчи жолу шайлашканы башка ойлорго түртөт. Албетте, мындай кадам мыйзамдуулуктун бузулушуна, ишенбөөчүлүккө алып келиши мүмкүн. Бул нерсени осол катары кабыл алдым. Кандай болгон күндө да депутаттардын ыйманында жана абийиринде", - деди Сатаров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Исхак Масалиев, Садык Шер-Нияз, журналист Турат Акимов жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан