Жогорку Кеңеште 30-январда КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө маселе каралды. Биринчи добуш берүүнүн жыйынтыгында Чынар Капарова көп добуш алды. Жыйынга бир талапкер келбегени үчүн ага добуш берилбегенин вице-спикер Аида Касымалиева токтом кабыл алынгандан кийин гана депутаттарга айтты. Бир нече депутаттар муну менен регламент бузулганын айтып чыгышты. Кийин биринчи добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып, депутаттар кайрадан добуш беришти. Бирок жыйынтыгында Атыркүл Сарыбаева КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына мүчө болуп шайланды.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кечээ Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочу кеңеши боюнча өзүнүн чечимин бир нече саатта кайра өзгөрттү. КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоодогу бул окуя Жогорку Кеңештин кадырына кандай таасир этти?" деген соболуна жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жооп берди.
Ал учурда президенттик аппарат Жогорку Кеңешти башкарып алганын жана алар кандай десе ошол ымалага келип жатышканын айтты.
“КТРКнын Байкоочу кеңешинин жаңы мүчөсүн тандоо маселеси эмне себептен тез өзгөрмөлүү жана талаштуу окуяны туудурду? Себеби бекем позициясы жок. Интернетте күлкү келерлик бир жагынан ынанбай койгудай окуядай чечмелеп, “смотрящий” бар болушу керек деп жазып жатышпайбы. Азыр президенттик аппарат Жогорку Кеңешти башкарып алган, алар кандай десе ошол ымалага келишет.
Эмне себептен түшкө чейин Капарова 79 добуш менен өттү деп токтом кабыл алынса, түштөн кийин башка жыйынтык чыгарып жатышат? Бир маселе боюнча эки токтомду кабыл алгыдай бул базар эмес да. Дегеле, Кыргыз парламентинин тарыхында азыр иштеп жаткан 6-чакырылыштын парламентинин кадыр-баркы болуп көрбөгөндөй төмөн деңгээлге түштү. Бул көрүнүш жакшы эмес. Мен акыркы күндөрү азыркы айрым адамдардын Жогорку Кеңешти таркатып жиберүү идеясын да колдогум келип жатат. Эми 1 жыл калды эмне кылмак эле деп айтышы мүмкүн. Жок, антпеш керек, биз, шайлоочулар өзүбүз күнөөлүбүз, Жогорку Кеңештеги депутаттардын айланасында кандай ыплас иштер болуп жатат унчукпайбыз, ырылдап-чырылдап айтып тим болобуз. Чечкиндүү позициябыз жок, чечкиндүү талапты коё албаган өзүбүз да күнөөлүүбүз. Макул болуп жүрүп ушинтип убакыт өтүп кетти. Эми аз убакыт калганда аларды таркатууга чакырган пикирлер менен талашып-тартышып отурабыз. Атыркүл Сарыбаева телевидениенин ашканасын билбей туруп анан ошол жакка бара жатканы туура эмес. Анын ордунда болсом трибунага чыгып, “рахмат, мага ишеним көрсөткөнүңөргө, бирок Чынарга эле берейин. Ал 79 добуш алды, мен 77” демекмин, бирок ал жүткүнөт”, - дейт Токтонасыров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Исхак Масалиев, Садык Шер-Нияз, коомдук ишмер Абды Сатаров журналист Турат Акимовдун жообу бул шилтемеде.