Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев: "КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчө шайлайбыз деп дагы бир жолу Жогорку Кеңеш коомчулукка уят болду”

Жогорку Кеңеште 30-январда КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө маселе каралды. Биринчи добуш берүүнүн жыйынтыгында Чынар Капарова көп добуш алды. Жыйынга бир талапкер келбегени үчүн ага добуш берилбегенин вице-спикер Аида Касымалиева токтом кабыл алынгандан кийин гана депутаттарга айтты. Бир нече депутаттар муну менен регламент бузулганын айтып чыгышты. Кийин биринчи добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып, депутаттар кайрадан добуш беришти. Бирок жыйынтыгында Атыркүл Сарыбаева КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына мүчө болуп шайланды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кечээ Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочу кеңеши боюнча өзүнүн чечимин бир нече саатта кайра өзгөрттү. КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоодогу бул окуя Жогорку Кеңештин кадырына кандай таасир этти?" деген соболунда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жооп берди.

Ал Жогорку Кеңештин ансыз да коомчулукта баасы жогору болбой турган учурда КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоодо дагы бир жолу уят болгонун айтты.

Биринчи добуш берүүдө бир талапкер өтүп, ал бирок оппозициялык маанайдагы сөздөрдү сүйлөп жаткандыктан кайра добушка коюлду. Кайра добуш берүү үчүн айрым катачылыктарды негиз кылышты. Мында башкаруучу коалиция, фракция түртмөлөп жаткан адамды дайындап койгондой болуп калдык. Бул кадам туура эмес болуп калды. Анткени көз көрүнөө түшкө чейин 79 добуш алган адамды кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында добушун 69га чейин түшүрүштү. Анын ордуна коомчулукка таанымал эмес, журналисттик ишмердүүлүгү боюнча эч кандай тажрыйбасы жок адамды Жогорку Кеңештин депутаттары шайлап коюшту. Мындай кадам баарыбызды өкүндүрдү. Себеби КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчө мыйзам боюнча ошол тармакты билген адам болушу керек. Мен Атыркүл Сарыбаева деген атты, ушундай адам бар экенин биринчи жолу уктум. Интернеттен карасак, акыркы учурдагы Байкоочу кеңешке мүчө боло турганы тууралуу гана маалыматтар чыгат. Журналисттик ишмердүүлүгү тууралуу бир дагы маалымат таппайсың. Ошондой адамга добуш берип өткөрүп койдук.

Эми эртең базарда иштеп жаткан же абактан чыкканына 3 күн болгон адамды "жогору жак айтып жатат, ушуну министрдин орун басары кылып шайлап бергиле" десе, ошону да шайлап бере тургандай абалда экенибизди кечээги окуя көрсөттү”, - деди Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Садык Шер-Нияз, коомдук ишмер Абды Сатаров, журналист Турат Акимов жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан