Бүгүн, 22-июлда Жалал-Абад шаарында 30га жакын базардагы сатуучу аялдар шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаевдин кабыл алуусунда болушту. Себеби Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын ичинде жайгашкан "Мариям" ЖЧКсынын төрагасы Аскар Төрөбаевдин бут кийим сатуучу базарында 16 жылдан бери соода кылып келген жарандар бүгүнкү күндө соода түйүндөрүнөн ажырап калышкан. Сатуучу Ырысгүл Абасованын айтымында, 2013-жылдын 2-январынан баштап аталган базардын башчысы Мырзакмат Алимбеков “базарды оңдоп-түзөйбүз, баарыңар чыгып тургула, кийин бүткөндө кайра келесиңер” деген. Андан кийин ал жердеги соодагерлер “Юг-Сити” соода борборунда соодасын жүргүзө башташкан. “Бирок Мырзакмат Алимбеков сөзүнө турбай, базарды оңдоо иштери аяктаган соң башка эле адамдарга ижарага берип койгон. “Юг-сити” соода борборуна сатып алуучулар аз баргандыктан, биздин 200-300 000 сомдук товарларыбыз өтпөй турат”,- деди сатуучу. Нааразы болуп келген айымдардын арызын уккан шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев бул маселе боюнча тиешелүү адамдар менен сүйлөшүп, көмөк көрсөтөрүн билдирди.