31-январь күнү Токмок шаарында "Кырк чоро" бирикмесинин мүчөсү Бактыбек Нуралы уулун беткап кийген белгисиз адамдар сабап кетишкен. Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы белгисиз адамдар Бактыбек Нуралы уулунун уюлдук телефонун жана унаасынын ачкычын тартып алып качып кетишкенин кабарлады.
Милициянын маалыматына караганда, окуя 31-январь күнү кечинде Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде болгон. "Саат 20:45 чамаларында Токмок ШИИБине белгисиз адамдар бир кишини сабап, денесине оор жаракат келтиргени боюнча маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери саат 19:00дө болжолдуу түрдө 25-30 жаштардагы медициналык беткап кийген азиат түспөлүндөгү эки жигит 56 жаштагы Н.Б. аттуу жаранды сабаганын аныктаган. Ал экөө 56 жаштагы жаранга күч колдонуп ачык түрдө уюлдук телефонун жана унаасынын ачкычын тартып алып, качып кетишкен. Ошондой эле окуяга Токмок шаарында иштеген милиция кызматкери күбө болуп жардамга чуркап келген. Бирок ал жетип келгенче беткапчан адамдар белгисиз тарапка качып кетип, из жашырышкан", - деп маалымдашты облустук милициядан.
Аталган окуя тоноо фактысы катары катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Ошондой эле атайын оперативдүү-тергөө тобу түзүлүп, Бактыбек Нуралы уулун сабап, тоноп кеткен эки адамдын аты-жөнүн, жүргөн жерин аныктоо жана кармоо иштери башталды.