31-январь күнү Токмок шаарында "Кырк чоро" бирикмесинин мүчөсү Бактыбек Нуралы уулун беткап кийген белгисиз адамдар сабап кетишти. Учурда ал Чүй райондук ооруканасында жатканын SUPER.KG'ге аталган бирикменин лидери Замирбек Көчөрбаев кабарлады.
Анын айтымында, Нуралы уулуна кол салган адамдар анын кабыргасын сындырып коюшкан. "Бактыбек Нуралы уулу Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунан чыгып Токмок шаарына кеткен. Шаардагы автобекетке барганда беткап кийген белгисиз адамдар себепсиз сабап салышыптыр. Ошол учурда автобекетте милиция кызматкери да болгон экен, бирок ал балдардын артынан кууп жетпей калыптыр. Нуралы уулунун кабыргасы сынгандыктан Чүй райондук ооруканасына жаткырылган", - деди Көчөрбаев.
Буга чейин 17-январда Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында Кытай жарандарынын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө каршы митинг өткөн. Митингге чыккандардын айрымдарын милиция кармап кетип ар бирине 3 миң сомдон айып салган. Алардын арасында Бактыбек Нуралы уулу да болгон. Бирок салынган айыпка макул болбой Биринчи Май райондук сотуна арыз жазып, жазылган арыз 30-январда каралмак. Бирок сот отуруму 31-январга жылдырылып кеткен болчу.