Экономика министрлигинде кыргыз тилин үйрөнүү курсун ийгиликтүү аяктаган 33 кызматкерге сертификат берилди
22-июлда Кыргызстандын Экономика
министрлигинде мамлекеттик тилди үйрөнүү курсун ийгиликтүү аяктаган 33
кызматкерге сертификаттар тапшырылды. Иш-чарага
министрликтин жетекчилиги, кызматкерлери жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин
өкүлдөрү
катышты. Мамлекеттик тилди жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча
иш-чаралардын планы, окутуу программасы министрликтин 2013-жылдын 15-мартындагы
№57-буйругу менен бекитилген. Мамлекеттик тилди окутууну уюштуруу максатында министрликтин
кызматкерлерин тесттен өткөрүүнүн жыйынтыгында башталгыч, орто жана улантуучу
топтор түзүлүп, окутуу аталган топтор боюнча жүргүзүлгөн. Кыргыз тилин
жакшыртуу максатында Экономика министрлиги башка иш-чараларды өткөрүүнү да
пландаштырууда. Ал эми курстар күзүндө кошумча топтор үчүн
улантылат.