Бүгүн, 23-июлда Жогорку Соттун алдында журналисттер флеш-моб өткөрүшөт
Бүгүн, 23-июлда Жогорку Соттун имаратынын алдында тилектештикти чагылдыруу максатында журналисттер флеш-моб өткөрүшөт. Иш-чарага митинг, пикеттерде кызматтык милдетин аткарып жүрүп жабыркаган журналисттер катышат жана алар айрылган футболка кийип турушмакчы. Айта кетсек, 16-июлда Жогорку Сотто "ата журтчу" 3 депутаттын иши каралган. Сот отуруму башталарда сот имаратынын алдына чогулган депутаттардын тарапташтары ызы-чуу чыгарышып, окуяны видеокамерага тартып жаткан журналистке аялдардын бири асылып, анын футболкасын айрып салган эле. Бүгүн журналисттердин айрык футболкачан акция өткөрүшү ошол окуяга байланыштуу. Ошондой эле бүгүн, 23-июлда Жогорку Сотто депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча кезектеги отурум болот.