Белгисиз хакерлер 2 миллиарддан ашуун интернет колдонуучунун жеке маалыматтарын жарыялап жиберди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, хакерлер 2 миллиард 200 миң уникалдуу колдонуучунун сыр сөздөрүн, логиндерин жана башка маалыматтарын уурдап, ачык интернет булактарына жайып жиберишкен. Мындай маалыматтар дароо эле миңдеген сайттар, пираттык форумдарга тарап кеткенине байланыштуу дароо өчүрүп салууга мүмкүн болгон эмес. Буга байланыштуу учурда аталган маалыматтар ар бир интернет колдонуучу үчүн жеткиликтүү болуп калган.
Жарыяланган маалыматтар 220 гигабайтты түзүп, "Сollection #2-5" аталышы менен чыккан. Буга чейин да 87 гигабайт көлөмдү түзгөн 773 миллион колдонуучунун маалыматтары жарыяланган. Аларга ылайык, интернет колдонуучулар көпчүлүк учурда 123456, password, qwerty сыяктуу жөнөкөй сыр сөздөрдү колдонушары белгилүү болду.