Парламент комитетинде дарактардын жалбырактарын эрте саргайткан илдетке каршы күрөшүү иштери талкууланды

Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңеште Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйыны болуп өттү. Комитеттин жыйынында сугат айдоо жерлери боюнча бир катар маселелер көтөрүлдү.

Комитетте "Сугат айдоо жерлерин трансформациялоого мораторий киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

"Акыркы 3-4 жылдан бери өсүмдүктөр, дарактар жайында эле саргайып, кандайдыр бир илдет пайда болду. Ал "ак көпөлөк" деп аталып, жалбырактардын артына ушул илдеттен желелер пайда болуп, куурап баштайт экен. Бул боюнча кандай иш-чаралар жүргүзүлдү?" - деп Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Рада Туманбаева суроо узатты.

Өсүмдүк карантин департаментинин директорунун орун басары бул багытта тиешелүү иш-аракеттер жүрүп жатканын билдирди.

"Бул илдет өлкө аймагында алгачкы жолу 2015-жылы катталды. Көбүнчө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда байкалды. 2018-жылдын жыйынтыгы менен ак көпөлөк илдети боюнча өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти тарабынан 1800 гектар жер аянты химиялык жол менен тазаланды", - деди департаменттин өкүлү.

"Эгер заманбап лаборатория болcо бул нерсе эмнеден улам чыгып жатат, баарын изилдеш керек. Себеби көп дыйкандар ушул оорудан жабыркап жатат", - деп кошумчалады Туманбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан