Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде "Суу кодекси, Кыргыз Республикасынын "Суу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоору 3-окууда каралууда.
Анда агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Алмазбек Акматов Кыргызгидромет туура эмес маалымат берип жатканын айтты.
"Учурда Нарын облусунда суук -30... -40°C`ге чейин жетүүдө. Ал эми Кыргызгидромет жылуу болот деген маалымат беришкен. Катуу суукта элдер от жага албай калганын айтышты. Эмнеге алдын ала аба ырайы боюнча так маалымат бербей жатасыңар? Силер так маалымат берсеңер эл да ошого жараша даярданмак", - деди ал.
Буга Кыргызгидрометтин өкүлү жазуу түрүндө толук маалымат бере турганын айтты. "Нарында метеостанциянын түйүнү бар. Биз тиешелүү маалыматтарды бергенбиз. Маалыматтарды бурмалаганга акыбыз жок", - деди ал.