"КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын жыйындары легитимсиз. Мындай билдирүүнү 4-февралда КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева жарыялады.
"КСДПга тиешеси жок адамдар 2-февралда жыйынга чогулуп, аны "Бишкек шаардык партиялык конференция" деп атап алышыптыр. Видеоматериалдарга караганда катышуучулардын өзөгүн "Дордой" ишканасынын жумушчулары түзүптүр. Ырысбек Мааткабыловдун "шаардык координатор" болушу да түшүнүктүү. Ал 2014-жылы декабрь айында өз ыктыяры менен партиядан чыгуу тууралуу арыз жазып, анын арызы 2015-жылы январда канааттандырылган. Анын "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партиясынын тизмесинде 26-номер менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгону белгилүү", - деп жазат Жолдубаева.
Ошону менен бирге КСДПнын Бишкек шаары боюнча координатору Ирина Карамушкина экенин кошумчалаган. Маалыматка караганда, партиянын шаардагы жыйыны март айында болот, ал эми КСДПнын съезди 6-апрелде болот.