Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Бийлик бутактарынын биримдикте иштеши бир кишинин бийлигине, авторитаризмге жана экономикалык-социалдык жарылууга алып келет"

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун бийлик бутактарынын биримдикте иштеши тууралуу пикири коомчулукта талкуу жаратты. Бийлик бутактарын бириктирүү мамлекет башчынын иши эместигин, Конституцияда да мамлекеттик бийлик бутактарынын бөлүнүшү тууралуу жазылганын укук коргоочулар айтып чыгышты. Жарандык активисттердин арасында "Бийликтин үч бутагы достошуп, бир команда болуп калганы кооптуу, анда ал жерде мафия менен диктатура орун алат" деген пикирлер айтылды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков "бийликтин үч бутагы тең биримдикте иштеши керек" деди. Бийликтин 3 бутагынын биримдикте иштеши бир адамдын бийлигин күчөтүп, тең салмактуулукту жоготпойбу?" деген соболуна экс-депутат Равшан Жээнбеков жооп берди.

Ал бийлик бутактарынын биримдикте иштешинин терс жактары бар деген пикирде.

"Жакшы мамлекетте ар кайсы бийлик бутагы өз алдынча, өзүнүн түз функцияларын так аткарып, бири-бирин көзөмөлдөп иштейт. Биримдикте иштеген бутактар өлкөгө пайдалуу эмес. Биримдикте иштөөнүн жыйынтыгын 30 жылдан бери көрдүк. Бул бир кишинин бийлигине, авторитаризмге жана экономикалык-социалдык жарылууга алып келет", - деди Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мыктыбек Абдылдаев, Мирлан Бакиров, саясий серепчи Марс Сариев, юрист Нурбек Токтакунов, укук коргоочулар Рита Карасартова, Динара Ошурахунованын жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан