Өткөн аптада Жогорку Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун бийлик бутактарынын биримдикте иштеши тууралуу пикири коомчулукта талкуу жаратты. Бийлик бутактарын бириктирүү мамлекет башчынын иши эместигин, Конституцияда да мамлекеттик бийлик бутактарынын бөлүнүшү тууралуу жазылганын укук коргоочулар айтып чыгышты. Жарандык активисттердин арасында "Бийликтин үч бутагы достошуп, бир команда болуп калганы кооптуу, анда ал жерде мафия менен диктатура орун алат" деген пикирлер айтылды.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков "бийликтин үч бутагы тең биримдикте иштеши керек" деди. Бийликтин 3 бутагынын биримдикте иштеши бир адамдын бийлигин күчөтүп, тең салмактуулукту жоготпойбу?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.
Ал учурда өлкөдө тең салмактуулук бузулуп турган кез экенин айтты.
"Баарыбыз биримдикте бололу, чогуу иштейли" деген сөздөр тойлордо айтыла турган сөздөрдүн эле бири. Чын-чынына келгенде өнүгүүгө тең салмактуулук алып келет. Себеби бийлик бири-бирин мыйзамдан чыкпайбы деп карап турушу керек. Мисалы, сот мыйзамдан чыкса соттоп койгонго башка бийликтерде жоопкерчиликке тартканга мүмкүнчүлүк болот. Аткаруу бийлиги аткаруу инструменттери менен карап, мыйзам чыгаруулар бир жери туура эмес болуп баратса өздөрүнүн ыйгарым укуктары менен мыйзамдарды оңдоп, бири-бирине тең ата боло алат. Ар бир бийлик бутагы күчтүү болуп, башка бийликти да көзөмөлдөп турганы маанилүү. Тең салмактуулук бузулган жакта эч качан өнүгүү болбойт. Учурда өлкөдө тең салмактуулук бузулуп турган кез. Бул эмнеден билинет? Мына учурда 3 бийлик бутагы жасаган кылмыштардын баарын УКМК тергейт, алардын кылмыш ишин козгогонго мүмкүнчүлүгү бар. УКМК президенттин колунда болгондон кийин ал анын камчысына айланып калган. Ошентип азыркы күндө депутаттардын "мындай болушу керек, тигиндей болушу керек" деп талашып-тартышканын күтөбүз, бирок ал жакта ат салышуу деле жок. Себеби өйдө жактан сурап жатышат дегенде кабыл алып берип коюшат. Сот бийлиги деле өйдө жактан сураган нерсени кудум эле ошондой кылып чечим чыгарып берип коёт. Аткаруу бийлик берген нерселерди аткарган бийлик болуп калган. Бул нерселер өнүгүүгө эч качан алып келбейт. Ич ара эптеп бийликке келдик, эми кармай туралы деген эле күн өтөт", - дейт Карасартова.
Жогорку Кеңештин депутаттары Мыктыбек Абдылдаев, Мирлан Бакиров экс-депутат Равшан Жээнбеков, юрист Нурбек Токтакунов, укук коргоочу Динара Ошурахунованын жообу бул шилтемеде.