Британиялык ханзаада Уильям уулдуу болуп, өзү, жакындарынан тышкары британия эли кубанычка бөлөнүүдө. Ханзааданын жубайы Кейт Миддлтон 22-июлда көз жарып, ымыркайдын салмагы 3,79 килограмм болуп төрөлгөн. Дарыгерлердин айтымында, эненин жана ымыркайдын абалы учурда жакшы. Кызыгы, төрөткө ханзаада өзү катышып, мураскерлүү болгонуна абдан кубанганын жашыра алган эмес. Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон биринчилерден болуп бактылуу ата-энени куттуктаганга жетишкен. Ал интернет баракчасына: “мен герцог жана герцогиня үчүн абдан кубанычтамын. Бул жагымдуу окуяны бүт өлкө майрамдайт. Алар эң жакшы ата-эне болушат”- деп жазды. Учурда англиялыктар арасында баланын ысымы тууралуу көптөгөн сөздөр айтылууда. Ал гана эмес букмекердик контораларда ысым тандоо үчүн атайын акчалар сайылууда. Ал эми болочок мураскерге коюлган ысымды биринчилерден болуп Улуу Британиянын ханайымы Елизавета || билмекчи. Ханзааданын жубайы Кейт Миддлтон бир нече апта өз үйүндө жашайт, бала багуучунун кызматынан баш тартты. Себебин ал жакындарынын арасында өзүн бир кыйла эркин сезери менен түшүндүргөн. Ымыркай төрөлгөн соң Букингем сарайынын алдына мураскердин төрөлгөн сааты, салмагы жазылган документ илинген. Учурда аны көрүүгө миңдеген жергиликтүү тургундар келүүдө. Ханзаада Уильямдын уулдуу болушуна байланыштуу Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө Лондондо фейерверк аттырылат.