Депутат ички иштер министринин орун басарына: "Корголуучу адамга жакындоого тыюу салынат" деп жатасыңар, жөнөкөй жаранды коргой албай жатканда муну кантип ишке ашырасыңар?"

Жогорку Кеңеште бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында депутат Исхак Масалиев ички иштер министринин орун басарына кайрылып "Корголуучу адамга жакындоого тыюу салынат" деп жатасыңар, жөнөкөй жаранды коргой албай жатканда муну кантип ишке ашырасыңар?" - деди.

Жыйында "Жазык сот ѳндүрүшүнѳ катышкан күбѳлѳрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жѳнүндѳ" мыйзамга ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.

"Корголуучу адамга жакындоого тыюу салынат деп жатасыздар. Аны ким көзөмөлдөйт? Корголуучу адамга жакындаганга тыюу салынат деген талапты ким чыгарды? Соттун чечими болот, ошол жерде баланча метр жакындабаш керек деп жазылабы? Мен каршы эмесмин, колдосо колдой беребиз. Бирок иштебеген нормаларды кантип ишке ашырабыз? Жөнөкөй жаранды коргой албай жатып, анан жакындаба деп кантип көзөмөлдөйсүңөр? Бул мыйзам "мына биз өнүккөн мамлекетпиз" деп мактанганга жарай турчу эле мыйзам", - деди Масалиев.

Буга ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов мындай мыйзам бир катар коңшу мамлекеттерде бар экенин айтты.

"Коңшу мамлекеттерде да бул нерсе бар. Бул боюнча атайын бөлүм бар, 26 кызматкер эмгектенет. Коргоого алынган адамга биз жоопкерчилик алабыз. Эгер корголуучу адамга жакындап, биздин эскертүүлөрдү эске албаса ага карата чара көрүлөт", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан