Депутат бийликти Конституция менен мыйзамды бузбай иштөөгө чакырды

"Бийликтеги адамдар Конституция менен мыйзамды бузбай иштегиле", - деп бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев билдирди.

"Бизде 2011-2012-жылдары кабыл алынган мыйзамдар бар. Ошолор 2015, 2016, 2017-жылы практика жүзүндө ишке ашышы керек деп айтылган. Аны сот бийлиги, өкмөттүн жетекчилери аткарбай коюшту. Азыр бизде 2 мыйзам иш жүзүндө жүрүп жатат. Сот арачылары боюнча да 2 мыйзам бар, анан кайсынысы ишке ашышы керек? Ошолорду сурап, айталы десек, бирөө да айта албайт, этиканы бузуп жатасыз деп. Конституция менен мыйзамды бузгандар кылмыш жообуна тартылбайбы? Кимиси болсо да мыйзамды толук аткарбай койгону үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек.

Бийликтегилер Конституция менен мыйзамды бузбай иштегиле. Эгер 2 же 4 жылдан кийин маселе жаралып калса ошондо "силер өткөрүп койгонсуңар" деп кылмыш жообуна тартабыз деп кайра чыгышат. Бул бардык жетекчилерге тийиштүү", - деди Абдылдаев.

Мындай оюн депутат комитеттин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору тууралуу биринчи окуу учурунда айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан