22-июлда мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Аалы Карашев Нарын облусунун активдери менен жолугушту. Жолугушууда Карашев республикалык бюджеттин абалы жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишиндеги көйгөйлөргө токтолду. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" сыяктуу 9 мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча иштелип чыккан долбоорлор менен тааныштырды. Долбоордо губернатордук институтту жана райондук кеңештерди калыбына келтирүү, акимдерди дайындоо тартибин тактоо жана алардын укуктарын кеңейтүү, ошондой эле айыл өкмөттөрдө иштеген адистердин маянасын жогорулатуу жана башка маселелер камтылган. Жергиликтүү активдер мыйзам долбоорлорун колдоого алышып, кошумча пикирлерин айтышты. Мындай коомдук угуулар ар бир облуста өткөрүлүп, сентябрь айында Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталары белгилүү болду.