Бишкек жана Ош шаарындагы 2012-жылдын 3-августуна чейин жарандардын өз алдынча отурукташып алган жерлерин мыйзамдаштыруу сунушталды. Мыйзам долбоору "Ата-Мекен" фракциясынан депутаттар тарабынан коомдук талкууга коюлду.
"Бишкек мэриясы тарабынан жер тилкелери, ал жерлерге курулган үйлөр текшерүүгө алынган. Анда шаардагы 47 конушта 3 589 жер тилкесин мыйзамдаштыруу мүмкүн экендиги белгилүү болгон. Жер тилкелеринин тийиштүү документи жок болгондуктан жарандар өз учурунда жумушка орношо албай, аскердик каттоого тура албай, шаардагы коомдук-саясий иштерге активдүү катыша албай калышууда. Ошону менен бирге жарандардын көпчүлүгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн экенин да эске алуу керек. Ушундай эле көрүнүш Ош шаарында бар", - деп жазылат мыйзам долбоордун түшүндүрмөсүндө.