Депутат: "Жаӊы энергетикалык кубаттуулукту киргизүү жөнүндө убада кылынганына карабастан, ал ушул кезге чейин ишке ашырылган жок"

Жаӊы энергетикалык кубаттуулукту киргизүү жөнүндө убада кылынганына карабастан, ал ушул кезге чейин ишке ашырылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында депутат Экмат Байбакпаев билдирди.

"Өкмөт тезинен тендер жарыялап, заманбап жабдууларды сатып алышы керек. Алдын ала берилген маалыматка караганда, быйыл суу аз болот, ишти тезинен башташ керек. Биз кетебиз, каржы таӊсыктыгы кала берет, аны менен кошо милдеттенме да аткарылбайт. Бул багытта азыртан иштиктүү чаралар көрүлүүгө тийиш. Эгерде жаӊы энергетикалык кубаттуулук ишке киргизилбей турган болсо, энерготармактын жетекчилери отставкага кетиши зарыл. Алардын айынан келечек муун энергиясыз калып отурат", - деди Байбакпаев.

Буга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул маселе боюнча тынчсызданып тургандарын жана бул багытта тиешелүү иш-аракеттер жүрүп жатканын билдирди.

"Өзүӊөр жакшы билесиӊер, шашылыш чечимдер кабыл алынганынан улам энергетика тармагына жаӊы кубаттуулукту киргизүү жаатында көптөгөн каталар кетирилген. Азыркы тапта абайлап иш кылбасак болбойт, бирок аны аягына чыгарабыз", - деп кошумчалады Боронов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан