Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйыны "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасында өттү.
Жыйынга Транспорт жана жолдор министрлигинин, Каржы министрлигинин, Экономика министрлигинин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жана башка тиешелүү ведомстволор менен мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Анын жүрүшүндө Рыскелди Момбеков "Кумтөр" ишканасынан 200 миллион долларды мыйзамсыз алып чыгып кеткен "Кыргыз алтындын" мурунку жетекчиси 2 жыл абакта отуруп, азыр эркиндикке чыкты", - деп билдирди.
Эл өкүлү "Кыргыз темир жолу" компаниясынын ишин сынга алып, "Локомотив" спорткомплекси карамагыңарда, киреше түшүп турган "Дыйкан" базары жабылды. Эмнеге киреше алып келүүчү нерселерди жок кылып жатасыңар?" - деди. Ошондой эле жүргүнчү ташуу компаниянын ишмердүүлүгүндөгү чыгашалуу багыт экенин кошумчалады.