Депутат саламаттыкты сактоо министрине: "Сиз министр катары кандай сынга кабыларыңызды билип туруп унаадан баш тартсаңыз болмок"

Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов саламаттыкты сактоо министринин кызматтык унаасы боюнча кеп козгоду.

"Саламаттыкты сактоо министрлигинде көргүлүктү иштер болгон жок. Сиздин кызматтык унааңыз катуу талкууга алынды. Буга бир гана депутаттар эмес, эл да нааразычылыгын билдирди. Сиз, министр катары кандай сынга кабыларыңызды билип туруп унаадан баш тартсаңыз болмок", - деди Примов.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев: "Мен ал унааны өзүм алган эмесмин. Унааны сатып алуу долбоордун алкагында ишке ашкан", - дейт.

Депутат: "Тез жардам" унааларынын абалы начар, ошол кызматтык унаага кеткен акчаны материалдык техникалык-базаны, гемодиализ аппараттарын алууга жумшасаңыз болмок", - деди.

Учурда “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан