Депутат Рыскелди Момбеков саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди отставкага кетүүнү сунуштады. Мындай сунушун депутат бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Сизге бүгүн берилген көп суроолор коомдук саламаттыкты сактоо мыйзамы боюнча болгон жок. Суроолордун көбү сиздин кызматтык унааңыз жөнүндө болду. Буга чейин Дүйшөнбек Зилалиев жол тандабас сатып алып, кийин кызматтан кетти. Ал эмнеге кызматтан кетпей отурат? Коопсуздук кеңештин жыйынында президент транспорт министри Жамшитбек Калилов кызматты ээлегенге моралдык укугу жок экенин айтты. Ал да кызматтан кетти. Бул киши кете албай кыйналып жатат. Сиз бизди да, элди да кыйнабай эле кетип калсаңыз жакшы болмок. Сизге жардам берейин, мага жооп бербей эле коюңуз, мен өзүмдүн сунушумду айтып жатам, ыйманыңыз тууралуу суроо берип жатам. Моралдык жоопкерчилик деген болот, элдин сын-пикирине илиндиңиз", - деди Момбеков.
Жогорку Кеңештин жыйынында “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланды.