АКШда курал-жарак сатуу боюнча айыпталып жаткан Кыргыз жараны 3 жылга эркинен ажыратылды

АКШда курал-жарак сатуу боюнча айыпталып жаткан Кыргыз жараны 3 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу "Дело №" гезити жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, айыпталуучу, АКШдагы Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы элчиси Замира Сыдыкованын уулу Теңгиз Сыдыков учурда үй камагында. Аны 20-февралда абакка жөнөтүү чечимин Виржиния штатындагы Чыгыш округунун соту чыгарган.

2018-жылдын март айында чет элдик басылмалар АКШда жашаган Кыргыз жараны Казакстандын жараны Эльдар Резванов менен биргеликте Чеченстанга аткезчилик жол менен курал ташып жүргөн деп шектелип кармалганын жазып чыгышкан. Кийин кармалган Кыргыз жараны Теңгиз Сыдыковдун апасы Замира Сыдыкова SUPER.KG`ге уулунун күнөөлүү эмес экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан