"Элеттиктер туристтерге айгырын мингизип, бээсинин сүтүн сатып оокат кылып жатат" деди депутат "Туризм жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатканда

Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеӊеште туризмди өнүктүрүү, туризм чөйрөсүндөгү ченемдик укук актыларын өркүндөтүү, туристтер менен ишкерлердин укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо максатында иштелип чыккан "Туризм жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы кайра иштеп чыгуу үчүн тармактык комитеттин кароосуна жөнөтүлдү. Өкмөт өкүлү дагы мындай чечимге макул болду.

Туризм департаментинин башчысы "Туризм жөнүндө" мыйзам мындан 20 жыл мурда кабыл алынгандыктан азыркы талаптарга жооп бербей калганын айтты: "Ал кезде туризм тармагынын абалы да, анын өнүгүшүнө түзүлгөн шарт дагы башка эле. Азыр туризм тармагы өлкөнүн эӊ келечектүү тармактарынын бирине айланды. Ошондон улам өкмөт тарабынан "Туризм жөнүндө" мыйзамдын жаӊы редакциясы иштелип чыкты”, - деди ал.

Бир катар депутаттар азыркы шартка байланыштуу мындай мыйзам керек экенин, ошондуктан анын концепциясын колдоп берип, экинчи окуунун жүрүшүндө кетирилген кемчиликтерди оӊдоо зарылдыгын айтышты. Мындай пикирге депутат Рыскелди Момбеков да кошулуп буларга токтолду.

"Элеттиктер эптеп туристтерге бир айгырын мингизип, бээсинин сүтүн сатып оокат кылып жатса, биз, эл өкүлдөрү бул мыйзамга эмнеге каршы чыгып жатабыз? 2016-жылы өлкөгө кирген туристтердин саны 3 миллион, 2017-жылы 4 миллион, былтыр туристтердин саны 7 миллионго жетти. Мындай айтканда, көчмөндөр оюнунан кийин бизде туризмдин өсүшү ачык көрүнүп жатат. Туризмди өнүктүрүү үчүн бюджеттен болгону 8 миллион сом бөлөбүз. Ал эми туризмден 130 миллион сом салык түшүп жатат. Эмне үчүн биз туризмди өнүктүрүүгө болгон мыйзамга каршы чыгып жатабыз, түшүнбөй жатам.

Айыл-чарба министрлиги ички дүң продукциянын көлөмүнүн 13 пайызын гана берет. А биз ал жакка 3 миллиард сом жумшайбыз. Бул мыйзамды колдоп беришибиз керек", - деди Момбеков.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Туризм жөнүндө” мыйзам долбоорун четке кагууга киргизүү боюнча талкуу болду. Депутаттар тарабынан бир катар ой-пикирлер айтылган соң мыйзам долбоору күн тартибинен алынып, кайра иштеп чыгуу үчүн жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан