Депутат Максат Сабиров: “Эгемендүү мамлекет болгонубуз менен бир учагыбыз жок, экономикабыздын абалы начар”

Кыргыздын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов орусиялык басылмага маек берип жатып Кыргыз жеринде экинчи аскердик базаны куруу мүмкүнчүлүгү бар экенин айткан. Муну ал өлкөнүн түштүк аймагы Ооганстанга жакын экендиги, Ирак, Сириянын таасиринин кооптуулугу менен түшүндүргөн. Жаңы дайындалган элчинин бул билдирүүсү интернетте талкуу жаратты.

4-февралда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкекке расмий иш сапары менен келген. Ал аскердик база ачуу азырынча Кыргыз тараптын гана демилгеси экенин белгилеп, Москва бул маселени Кыргыз бийлиги менен талкуулоого даяр экенин айткан болчу.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз мамлекетине башка өлкөнүн аскерий базасын ачуунун канчалык зарылчылыгы бар?" деген соболуна депутат Максат Сабиров жооп берди.

Ал Кыргыз өлкөсүндө коопсуздукту сактоочу техникалар жок экенин айтты.

“Чет өлкөлөрдүн аскерий базалары мамлекеттин коопсуздугу үчүн ачылышы мүмкүн. Башка саясий жолдору да бар. Кандай багытта болорун карап көрүү керек. Азыркы учурда талкуу болуп жаткандагы маселе бул Ооганстандан пайда болуучу чакырыктардан улам айтылган сөз. Эгемендүү мамлекет болгонубуз менен бир учагыбыз жок, экономикабыздын абалы жаман. Биз ЕАЭБге киргенден кийин ошого мүчө өлкөлөр менен иш жүргүзүп жатпайбызбы. Мындан башка эл аралык уюмдар менен иш алып барып келебиз. Ошолордун коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алган чечиминен улам аскердик база ачылып калышы мүмкүн. Кыргызгазды Орусияга берип койгонубузду ушундай алакалардын кесепети десек болот”, - деди Сабиров.

Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов, акыйкатчы Токон Мамытов, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, коомдук ишмерлер Ишенбай Кадырбеков жана Төлөгөн Келдибаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан