Кыргыздын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов орусиялык басылмага маек берип жатып Кыргыз жеринде экинчи аскердик базаны куруу мүмкүнчүлүгү бар экенин айткан. Муну ал өлкөнүн түштүк аймагы Ооганстанга жакын экендиги, Ирак, Сириянын таасиринин кооптуулугу менен түшүндүргөн. Жаңы дайындалган элчинин бул билдирүүсү интернетте талкуу жаратты.
4-февралда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкекке расмий иш сапары менен келген. Ал аскердик база ачуу азырынча Кыргыз тараптын гана демилгеси экенин белгилеп, Москва бул маселени Кыргыз бийлиги менен талкуулоого даяр экенин айткан болчу.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз мамлекетине башка өлкөнүн аскерий базасын ачуунун канчалык зарылчылыгы бар?" деген соболуна депутат Бахадыр Сулейманов жооп берди.
Эл өкүлү Кыргыз жеринде башка өлкөнүн аскердик базасын ачуунун зыяны жок деп эсептейт.
"Ош облусуна аскердик база ачса коопсуздук үчүн жакшы болот деген ойдомун. Ижара үчүн каражат төлөшсө бюджетке түшөт. Жумуш орундары түзүлөт. Башкысы биздин суверенитет, коопсуздугубуз. Терс жактарын көрбөй элемин. Башка өлкө аскерий база ачам десе бизге ашыкча чыгым кетирүүнүн кереги деле жок. Алар бизди коргошот. АКШ деле коопсуздук үчүн Европа өлкөлөрүнө базаларын курган эмеспи. Кыргыз армиясынын абалы да жакшырды. Жаш өлкө катары биз да армиябызды акырындап бекемдеп жатабыз. Менимче, башка өлкөнүн аскерий базасынын бизге зыяны тийбейт, кыргыз армиясы экөө бири-бирине тоскоол жаратышпайт", - деди депутат.
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров, акыйкатчы Токон Мамытов, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, коомдук ишмерлер Ишенбай Кадырбеков жана Төлөгөн Келдибаевдин пикири бул шилтемеде.