Кыргыздын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов орусиялык басылмага маек берип жатып Кыргыз жеринде экинчи аскердик базаны куруу мүмкүнчүлүгү бар экенин айткан. Муну ал өлкөнүн түштүк аймагы Ооганстанга жакын экендиги, Ирак, Сириянын таасиринин кооптуулугу менен түшүндүргөн. Жаңы дайындалган элчинин бул билдирүүсү интернетте талкуу жаратты.
4-февралда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкекке расмий иш сапары менен келген. Ал аскердик база ачуу азырынча Кыргыз тараптын гана демилгеси экенин белгилеп, Москва бул маселени Кыргыз бийлиги менен талкуулоого даяр экенин айткан болчу.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз мамлекетине башка өлкөнүн аскерий базасын ачуунун канчалык зарылчылыгы бар?" деген соболуна коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков жооп берди.
Ал Кыргыз өлкөсүндө өз алдынча чоң армияны кармоого каражат жетишсиз деген пикирин айтты.
“Орусиянын аскерий базасын ачууга зарылчылык бар. Анткени Орусия менен коркунучтар жаралган учурда бири-бирибизди коргойбуз деген келишим бар. Келишимдин негизинде биздин мамлекет, Казакстан, Орусия, Беларусь керектүү жерге аскерий базаларды коё алышат. Башка өлкөлөрдүн базаларын ачууга зарылчылык жок. Мисалы, Аль-Каида келет деп келишими жок АКШ базасын алып келип катачылык кетиргенбиз. Канттагы база мурун эле бар болчу. Азыр коркунуч Ооган жактан келип жатат. Анткени Сириядан чыккандар Ооганстан аркылуу Орто Азияга киргени жатышат. Мындай учурда өлкөнүн түштүк жагына база ачуу керек болот. Эгемендүү өлкө болуп туруп кичинекей отрядга туруштук бере албай калганыбызды Баткен окуясында көргөнбүз. Чоң армияны кармаганга бизде бюджетте каражат дагы жетишсиз. Бизде Өзбекстан, Казакстандай каражат жок. Танк, тик учактардын баасы кымбат турат. Сырттан коргой турган күч болсо макул болгонубуз туура”, - деди Ишенбай Кадырбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Сабиров, Бахадыр Сулейманов, акыйкатчы Токон Мамытов, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин пикири бул шилтемеде.