Кыргыздын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов орусиялык басылмага маек берип жатып Кыргыз жеринде экинчи аскердик базаны куруу мүмкүнчүлүгү бар экенин айткан. Муну ал өлкөнүн түштүк аймагы Ооганстанга жакын экендиги, Ирак, Сириянын таасиринин кооптуулугу менен түшүндүргөн. Жаңы дайындалган элчинин бул билдирүүсү интернетте талкуу жаратты.
4-февралда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкекке расмий иш сапары менен келген. Ал аскердик база ачуу азырынча Кыргыз тараптын гана демилгеси экенин белгилеп, Москва бул маселени Кыргыз бийлиги менен талкуулоого даяр экенин айткан болчу.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз мамлекетине башка өлкөнүн аскерий базасын ачуунун канчалык зарылчылыгы бар?" деген соболуна УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков жооп берди.
Ал башка өлкөлөр Кыргыз мамлекетинин коопсуздугун, бейкуттугун, стабилдүүлүгүн кааласа, аскердик база ачууга каршы болбош керектигин айтты.
“Башка өлкө тышкы агрессивдүү күчтөргө каршы жардам беребиз десе, эмнеге каршы болмок элек? Кыргыз мамлекетине жардам берүүгө Орусия өзүнүн сунушу менен чыгышы мүмкүн. Кыргыз мамлекетинин түштүгүнө аскердик машыгуучу борбор куруу боюнча 2-3 жылдан бери өлкөбүздүн кээ бир саясатчылары, өкмөттө жүргөн адамдардын атынан демилге болгон. Борбор курулса аскер кызматтарына жаңы техникаларды, жаңы жабдууларды, байланыш системдерин үйрөнүүгө көп жардам болот. Чек арадагы маселе боюнча, коопсуздукка потенциалдуу түрдө зыянын келтирип жаткан эл аралык деңгээлдеги терроризм, экстремизмдин баарын эске алсак эмне үчүн аскердик базадан баш тартышыбыз керек? Муну туура түшүнүшүбүз кажет. Бирок кээде биздин жарандар “Кыргыз мамлекетине базанын кереги жок. Өлкө өзү эле алдыга өсүп кетет” деп айтышат. Эгерде андай философия менен жашасак Кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүшүнө кыянаттык кылган болуп эсептелет”, - дейт Медетбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Сабиров, Бахадыр Сулейманов, акыйкатчы Токон Мамытов, коомдук ишмерлер Төлөгөн Келдибаев, Ишенбай Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.