Акыйкатчы Токон Мамытов: “Орусиянын тышкы иштер министри аскердик база ачуу күн тартипте жок экенин айтты. Бул маселени талкуулоонун кажети жок”

Кыргыздын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов орусиялык басылмага маек берип жатып Кыргыз жеринде экинчи аскердик базаны куруу мүмкүнчүлүгү бар экенин айткан. Муну ал өлкөнүн түштүк аймагы Ооганстанга жакын экендиги, Ирак, Сириянын таасиринин кооптуулугу менен түшүндүргөн. Жаңы дайындалган элчинин бул билдирүүсү интернетте талкуу жаратты.

4-февралда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкекке расмий иш сапары менен келген. Ал аскердик база ачуу азырынча Кыргыз тараптын гана демилгеси экенин белгилеп, Москва бул маселени Кыргыз бийлиги менен талкуулоого даяр экенин айткан болчу.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз мамлекетине башка өлкөнүн аскерий базасын ачуунун канчалык зарылчылыгы бар?" деген соболуна акыйкатчы Токон Мамытов жооп берди.

Ал билдиргендей, аскердик база ачууну жөн эле чечпей, кандай максатта ачылганы жатат деп карап чыгуу керек.

“Бул нерсе Борбор Азияда, анын ичинде Фергана өрөөнүндөгү аскердик-саясий кырдаалга жараша болот. Азыркы учурда аскердик-саясий кырдаал Ооганстанда аябай курчуп кетти. Бир нече теракттар болду. Бир теракттан 120 киши каза болду. Абал курчуп жатат. Аскердик база ачуу тууралуу жөн эле чечпей, кандай максатта ачылганы жатат деп карап чыгуу керек. Башка коңшу мамлекеттер менен кеңешип, ошол жерде экинчи база Жамааттык коопсуздук келишим уюму, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештик уюму же Кытай менен болобу. Ошону такташ керек. Экинчи аскердик база эмне үчүн керек, аскерлери ким болот, алардын статусу дипломаттыкпы же техникалык персонал болобу? Бул жерде чоң маселе бар. Биз мүчө болгон уюмдардын алдында өзүнчө милдеттемелер бар. Ошол милдеттемелерге каршы келбейби? Шашпай чечиш керек. Дароо эле мындай болот же тигиндей болот деп айтуу эрте. Орусиянын тышкы иштер министри бүгүнкү күнү бул маселе күн тартибинде жок экенин айтты. Ошондуктан бул нерсени талкуулоонун кажети жок”, - дейт Мамытов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Сабиров, Бахадыр Сулейманов, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, коомдук ишмерлер Төлөгөн Келдибаев, Ишенбай Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан