БУУнун Конвенциясынын ченемдерин ишке ашыруу үчүн алгачкы 10 жылда 6,5 миллиард сомдон ашуун акча керектелет

БУУнун Конвенциясынын ченемдерин ишке ашыруу үчүн алгачкы 10 жылда 6 миллиард 647 миллион сом керектелет. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында "Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып жаткан учурда айтылды.

Белгилүү болгондой, конвенциянын ченемдерин ишке ашыруу үчүн алгачкы 10 жылда 6 миллиард 647 миллион сом керектелет. Бул сумманын 1 миллиард 575 миллион сому билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, маданий жашоого катышууга, эс алууга, спорт менен машыгууга жумшалат. Ал эми, 5 миллиард 72 миллион сом инфраструктураны жакшыртууга сарпталмакчы. Мыйзамдын негизги максаты - бардык майып адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо, ошондой эле алардын аброюн сыйлоого артыкчылык берүү болуп саналат.

Депутат Ирина Карамушкина берген маалыматка ылайык, 2018-жылы өлкө аймагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 181 миңден ашуун жаран катталган.

“БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып чыгып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан