"Эл Жогорку Кеңештен көрүп жатат, өкмөт сиздерде болгон 200 миллион сомду алдыңар да, бир да кодексти шайкеш келтирген эмессиңер. Жарга такаган жаңы кодекс түкүрүк менен күлкүлүү болду. Түкүрүктү алып салдык, же айып пулду алдык деп так айтпайсыңарбы", - деп Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков айтты.
Буга ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов: "Биринчиден, эч ким артка кайткан жок. Элдин да үнүн угуш керек. Мыйзам кабыл алынгандан кийин аткарылышы кажет. Бирөөгө миң сом акча эмес, ал эми айрым үй-бүлөлөр үчүн миң сом чоң акча. Айып пулду биринчи категорияга түшүрдүк, ага ылайык айып пул миң сомду түзөт. Мурун 71-беренеде "түкүрүү" деп кирген жана айып пулдун көлөмү 5500 сомду түзгөн. Биз башкы бөлүмүн өзгөрттүк, азыркы 11-бөлүм "Саламаттыкты сактоо жана эмгек чөйрөсүнө каршы бузуулар", чылым чегүү да ушул бөлүмдө.
Түкүрүү деген башка бир да мамлекетте жок экен. Болгону Англиянын жана Орусиянын бир шаарында анан Пекинде кирген, калган мамлекеттерде бул нерсе майда бейбаштыкка кирет. Биз комитет менен бирдикте "тыюу салынган жерлерде тамеки чегүү коомдук жайлардагы жүрүм-турумдун жалпы эрежелерин бузууга кирет (түкүрүү, чимкирүү, семичке чагуу жана башка)" дегенге токтолдук", - деди ал.
Асановдун бул жообуна Момбеков канааттанбай, түкүрүүгө айып пул салууну башынан эле алып салуу керек экенин айтты.
"Мыйзамдын негизги максаты маданиятты көтөрүү деп жатасыңар, маданиятты акча менен эмес, башка менен көтөрөт. Айып пулдун көлөмү айлык пулдан ашпашы керек. 5 миң сом айлык алган адамга 5500 сом айып салбаш керек. 15 миң сомго алган Москвич айдап бараткан адамга 17 миң 500 сом айып пул салсаңар, унаамды айдап кет дейт. Анан эмне кыласыңар? Бул мыйзамга дагы далай жолу өзгөртүүлөрдү алып киресиңер.
Эл кептин баарын Жогорку Кеңештен көрүп жатат. Эки жыл эмне кылып жаттыңар, эшек такаладыңарбы? 200 миллион сомду алдыңар да, бир да кодексти шайкеш келтирген жоксуңар. Бүгүн шашылыш шайкеш келтирип жатасыңар", - деп кошумчалады Момбеков.
Бүгүн, 7-февралда “Кыргыз Республикасынын Эреже бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды.