Жаӊыдан күчүнө кирген мыйзамдарда бир катар кемчиликтер кетирилгенин 7-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков билдирди.
"Укук коргоо жаатындагы жаӊыдан күчүнө кирген мыйзамдарда бир катар кемчиликтер кетирилген. Алардан арылуу зарыл. Парламент Өкмөттүн бул багыттагы демилгелерин колдоп, биргелешип иш алып барууга даяр. Бизге мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштеген мыйзамдар керек”, - деди Жогорку Кеӊештин төрагасы.
Депутат Наталья Никитенконун айтымында, укук коргоо жаатындагы жаӊыдан күчүнө кирген мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча иш-чараларды аткаруу алкагында "Тартип бузуулардын бирдиктүү реестрин" иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. “Ошонун негизинде 2019-жылдын башынан тарта күчүнө кире турган бир катар мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилүүдө”, - деди Никитенко.
Вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков: "Түкүрүү үчүн айып пул азыр 8-категориядан “бейбаштык” беренесиндеги 1-категорияга которулду. Айып пулдун өлчөмү миң сомду түзөт. Өкмөт жаӊыдан күчүнө кирген укук коргоо жаатындагы ченемдик укук актыларына тийиштүү өзгөртүүлөрдү март айында парламенттин кароосуна киргизет. Мыйзамдарда көптөгөн кемчиликтер бар, азыр анын үстүндө иштеп жатабыз”, - деп кошумчалады.
2019-жылдын 1-январынан тарта укук коргоо жаатындагы 5 кодекс жана 2 мыйзам Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси, Кыргыз Республикасынын Эреже бузуу жөнүндө кодекси, “Пробациялоо жөнүндө” жана “Мунапыс негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдар күчүнө кирген.