Бишкек мэриясынын жана шаар тургундарынын демилгеси менен 19-июлдан 24-июлга чейин шаар ичин тазалоо иштери жүрөт. 23-июлга карата “Тазалык” ишканасы тарабынан "Жаштык" сейил багынан 108 метр куб таштанды чыгарылды. Аталган сейил бакта “Жашылдандыруу” ишканасы тарабынан бактарды бутоо иштери жүргүзүлүүдө. 23-июлга карата 103 дарак буталды. Белгилей кетсек, аталган сейил бактын жалпы аянты 26 гектарды түзөт. Анын ичинен жашыл чөп өстүрүлгөн аянттар 12,5 гектарды, андагы 3 көлдүн аянты 12,4 гектарды ээлейт.