"Президенттин кол чатыр көтөргөнүн даңктабай, орчундуу маселелерди талап кылышыбыз керек" дейт жарандык активист

Кечээ күндөн тартып социалдык тармакта президент Сооронбай Жээнбековдун билим берүү мекемелеринин жетекчилери - аял кишилер менен бара жатып кол чатыр кармап жүргөндөгү сүрөттөрү интернетте талкууланууда. Маалым болгондой, президент 6-февралда Бишкек шаарындагы бир катар билим берүү мекемелерине барып, абал менен таанышкан. Ал учурду өлкө башчынын жеке фотографы Султан Досалиев тартып, жарыялаган.

Андан кийин интернет желесинде Жээнбековдун бул жүрүм-турумун мактагандардын саны көбөйүп алкап жатышты. Ошол эле учурда президенттин кол чатырын өзү көтөрүп жүрүүсү кадыресе эле көрүнүш болуш керек экенин, президент катары жасаган иштерине көңүл буруу маанилүү экенин жазгандар чыкты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Президент кол чатырын өзү көтөргөнү өлкөнүн көтөрүлүшүнө канчалык таасирин тийгизет?" деген собол салды. Бул боюнча жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровпрезидент баатырдык кылгандай эле кечээ күндөн бери социалдык түйүндөрдө аны мактап жаткандарга нааразы экенин айтты.

"Биз өтө эле майдачыл болуп баратабыз. Президент баатырдык кылгансып кечээ күндөн бери эле социалдык түйүндөрдө талкуу болуп жатат. Президенттин кол чатыр көтөргөнүнөн башка маселелер көп. Саясатчылар, журналисттер, активисттер Сооронбай Жээнбековдун кол чатыр көтөргөнүн баалап, даңктап жатканы өкүнүчтүү. Жээнбеков президент болгондон баштап бүгүнкү күнгө чейин аткарган иши жок. Убакыт өтүп жатат. Ал досунун таасиринен чыга албай жатабы? Дача-СУ аймагына кулаган учактагы жүктүн ээси ким экенин, күнөөлөрү далилденбеген саясатчылардын ишин кайра кароону талап кылсак болмок", - дейт Токтонасыров.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Каныбек Осмоналиев, Асия Сасыкбаева, депутат Сайдулла Нышанов, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиевдин жооптору бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан