Депутат Аалы Карашев бүгүн, 8-февралда КСДП фракциясынын жыйынында "Орусиянын президенти Өзбекстанга барганда 800 келишимге кол койгон. Кыргыз өкмөтү минтип отурса эч кандай жыйынтык чыкпайт" деп билдирди.
"Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстанга барганда жалпы суммасы 27 миллиард долларды түзгөн 800гө жакын келишимге кол койду. Мына ал Кыргыз өлкөсүнө келерине бир жарым ай убакыт калды. Өкмөт учурда кандай аракеттерди көрүүдө? Силерде даяр долбоорлор барбы?" - деп суроо салды Карашев.
Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу: "Ооба, март айынын аягында Кыргыз өлкөсүнө Орусиянын президентинин келүүсү күтүлүүдө. Анын катышуусунда жыйын өтөт. Ага 15 региондун башчысы, 500гө жакын бизнес өкүлдөрү катышат. Ошондой эле бир нече заводдун курулушу боюнча сүйлөшүүлөр болот", - деди.
Бул жоопко депутат канааттанган жок. "Эмне кылып отурасыңар, өкмөт? Силерде даяр долбоорлор болушу керек, иштеш керек. Силер эмне иш кылып жатканыңарды түшүнбөй жатам. 30 жыл мурун айтылган сөздөрдү айтып жатасыңар. Минтсеңер эч кандай жыйынтык болбойт", - деп кошумчалады Карашев.