Жалал-Абад. Селсаяктарга жергиликтүү бюджеттен 980 миң сом бөлүнгөн

Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу “Кайрымдуулук” борбору жыл башынан бери 382 селсаякты тейлеген. Ал эми июль айында үй-жайсыз 50 адам борбордон жардам алды. “Бул жерден селсаяктарга күн сайын түштө ысык тамак берилет. Мындан сырткары бут кийимдери жыртылса оңдолуп, чачтары акысыз кыскартылат. Жергиликтүү бюджеттен бир жылга алардын тамак-ашы үчүн 980 миң сом бөлүнгөн”,- дейт шаардык борбордун жетекчиси Аскар Мейманкулов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан