8-февралда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйыны өтүп, андагы депутаттардын басымдуу бөлүгү өкмөттүн аткарган ишине канааттанбай турганын айтышты. Эл өкүлдөрү өзгөчө инвестиция тартуу тармагынын иши өтө солгун экенин белгилешти. Жыйындын жүрүшүндө өлкөгө тартылган инвестициянын суммасы Аскарбек Шадиевдин конфискацияланган мүлкүнөн да аз экендиги айтылып, өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес деп табылды.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДП фракциясы өкмөттүн аткарган ишине канааттанган жок. Абылгазиевдин ордуна өкмөт башчылыкка келүүгө ким татыктуу?" деген соболуна экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.
Ал күчтүү адам премьер-министрликке коюлбайт деген пикирде.
“Менин оюмча, бул кызматка азыр кайсы бир фигураны айтуу кыйын. Бирок жалпысынан айтса болот. Мурдагыдай эле критерий менен президентке жакын, анын айтканынан чыкпаган, алар ишенген адам премьер-министр болот. Күчтүү адамды премьер-министрликке койбойт.
Азыркы системде премьер-министр болуп иштей турган адам жок. Премьер-министрди иштетпейт, анткени өкмөт башчы эч нерсе чечпейт. Бийликтин бардыгы президенттин, анын аппаратынын колунда. Ошондуктан өкмөткө ким барса дагы иштей албайт. Бул татыктуу, тиги татыктуу деп айткан туура эмес”, - дейт Жээнбеков.
Мурдагы элчи Кылычбек Султан, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Аалы Карашев жана саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикири бул шилтемеде.