8-февралда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйыны өтүп, андагы депутаттардын басымдуу бөлүгү өкмөттүн аткарган ишине канааттанбай турганын айтышты. Эл өкүлдөрү өзгөчө инвестиция тартуу тармагынын иши өтө солгун экенин белгилешти. Жыйындын жүрүшүндө өлкөгө тартылган инвестициянын суммасы Аскарбек Шадиевдин конфискацияланган мүлкүнөн да аз экендиги айтылып, өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес деп табылды.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДП фракциясы өкмөттүн аткарган ишине канааттанган жок. Абылгазиевдин ордуна өкмөт башчылыкка келүүгө ким татыктуу?" деген соболуна мурдагы элчи Кылычбек Султан жооп берди.
Ал көпчүлүк коалицияны түзгөн 4 фракциянын лидерлери өкмөттү жетектөөгө моралдык жактан милдеттүү экенин айтат.
"Ким татыктуу деген суроого татыктуулар көп деп жооп бере алам. Мисалы, ошол эле Бабанов, Мадумаров жана башкалар. Бирок эл Жогорку Кеңешти эмнеге шайлаганын эстешибиз керек. Жогорку Кеңеш, андагы партиялар шайланганга чейин кандай гана убадаларды беришкен жок! Ошондуктан мен ким татыктууну эмес, ким милдеттүү экенин айтмакмын.
"Асмандагы айды алып берем" деп шайлоодо жеңип чыккан партиялардын лидерлери өкмөттү жетектеп, убадаларын аткарышы керек. Тагыраак айтканда, көпчүлүк коалицияны түзгөн 4 фракциянын лидерлери өкмөттү жетектөөгө моралдык жактан милдеттүү. Ошондо эң көп КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов премьер-министр болууга милдеттүү, ал эми "Бир болдун" лидери Алтынбек Сулайманов, "Республика-Ата Журттун" лидери Жыргалбек Турускулов, "Кыргызстандын" лидери Алмазбек Баатырбековдор вице-премьер-министрлик жүктү аркалашы керек.
Антпесе убада берген алар, парламентте кооз сүйлөп акыл үйрөткөн алар, анан эле оюнчук премьерди дайындап алышып өздөрү жоопкерчиликтен качып жүрүшөт. Ал эми реалдуулукка келсек, Сооронбай Жээнбеков мындай конфигурацияга жол бербейт. Анткени ал элдин жашоосун жакшырткан күчтүү премьерге эмес, "хоп-ляппай" деген "кол бала" премьерге кызыкдар", - дейт Кылычбек Султан.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Аалы Карашев жана саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикири бул шилтемеде.