8-февралда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйыны өтүп, андагы депутаттардын басымдуу бөлүгү өкмөттүн аткарган ишине канааттанбай турганын айтышты. Эл өкүлдөрү өзгөчө инвестиция тартуу тармагынын иши өтө солгун экенин белгилешти. Жыйындын жүрүшүндө өлкөгө тартылган инвестициянын суммасы Аскарбек Шадиевдин конфискацияланган мүлкүнөн да аз экендиги айтылып, өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес деп табылды.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДП фракциясы өкмөттүн аткарган ишине канааттанган жок. Абылгазиевдин ордуна өкмөт башчылыкка келүүгө ким татыктуу?" деген соболуна коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев жооп берди.
Анын пикиринде, бул парламент менен бир дагы өкмөт аягына чейин иштей албайт.
"Премьер-министрликке ким татыктуу экенин азыр айтуу кыйын. Бул парламент менен бир дагы өкмөт аягына чейин иштей албайт. Азыркы Конституция боюнча, өкмөт башчы "мальчик для битья" болуп аны тепкилей эле беришет. Абылгазиевди кетирип, андан кийин башкасын алып келет. Кимиси келсе дагы эч нерсени өзгөртө албайт", - дейт Чолпонбаев.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы элчи Кылычбек Султан, Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Аалы Карашев жана саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикири бул шилтемеде.