Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев Ош облусунун Өзгөн районундагы Комсомол айылында 1970-жылы 12-февралда туулган.
Ал 1998-жылы Ош мамлекеттик университетин юрист адистиги боюнча бүтүргөн.
1987-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар совхозунда жумушчу;
1988-1990-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1988-1999-жылдары Ош технологиялык университетинин мугалими, декандын орун басары;
2000-жылы Нарын районунун прокурорунун стажер-жардамчысы;
2001-жылы Нарын райондук прокуратурасында тергөөчүнүн стажеру;
2001-2005-жылдары Нарын облусунун Кочкор районунун прокуратурасында тергөөчү жана Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы;
2005-2007-жылдары Чүй облусунун Жайыл районунун прокуратурасынын ага тергөөчүсү, Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору, Чүй облусунун Сокулук районунун прокуратурасынын тергөөчүсү, Кыргыз транспорттук прокуратурасында прокурордун ага жардамчысы;
2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы.
2013-жылдары Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары;
2015-жылы “Республика-Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.
12-февралга карата жылнаама.