Бишкек шаардык кеңешине "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутаттыкка Казыбек Эргешов келди. Ага мандат бүгүн, 12-февралда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында тапшырылганын SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, бир депутаттык орун буга чейин Орусиянын жараны делинип мандатынан ажыратылган Жусупбек Коргонбай уулу кеткенден кийин бош калган. Айрым маалыматтар боюнча Казыбек Эргешов 2015-жылдын 25-декабрында Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп, 2016-жылдын июнь айында мандатын тапшырган.
Жусупбек Коргонбай уулу "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовдун маалыматы боюнча, ал Орусиянын жарандыгын 2007-жылы алган. Муну Орусиянын Юстиция министрлиги тастыктаган. Кийинчерээк анын жактоочусу Орусиядан алган паспорту жараксыз экенин билдирген.