Жогорку Кеңештин тармактык комитети өлкөдө 60 күнгө чейин визасыз жүрүү боюнча сунушталган тизмеден 3 мамлекетти алып салды

Жогорку Кеңештеги тармактык комитет өлкөдө 60 күнгө чейин визасыз жүрүү боюнча сунушталган тизмеден Болгария, Румыния жана Кипрди алып салды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде айтылды.

"Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорунун демилгечиси Дастан Бекешев бир катар өлкөлөр менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрында аяктай турганын билдирди.

"Буга байланыштуу азыртадан баштап келишимдерди узартуу керек. Атайын кызматтар терроризм жана экстремизм сындуу коркунучтарды мисал кылып, коопсуздук маселесин эске салып келет. Бирок биз мыйзамдарды ишке ашыруудан коркпошубуз керек. Бул келишимдер өлкөнүн экономикасын, анын ичинде туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", - деди Бекешев.

Мыйзам долбоору биринчи окууда каралганда өкмөт мурда келишим түзүлгөн 45 өлкөнүн тизмесине дагы 10 мамлекетти кошуп (Болгария, Кипр, Румыния, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино, Чили, Аргентина, Оман), 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартууну сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан