Саясий туткундарды коргоо комитети экс-президентти жоопко тартууну талап кылды

Бүгүн, 12-февралда Бишкекте "Саясий туткундарды коргоо комитети" бейөкмөт уюмунун жыйыны болду. Жыйынга уюмга мүчө болгон Азимбек Бекназаров, Турсунбек Акун, Дастан Сарыгулов жана башка коомдук-саясий ишмерлер катышты. Иш-чарада абакта отурган Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Дүйшөнкул Чотонов өңдүү саясатчылардын жактоочулары сөз сүйлөшүп, 30дан ашык саясатчы жалган жалаа менен камалганын белгилеп, аларды эркиндикке чыгарууну бийликтен талап кылышты.

Аткаруу комитетинин мүчөсү Азимбек Бекназаровдун айтымында, бейөкмөт уюм жазга чейин азыркы бийлик менен кызматташат.

"Жогоруда айтылган талаптардын аткарылышы үчүн жазга чейин жаман көрсө да, жакшы көрсө да азыркы бийлик менен кызматташабыз. Эгерде талаптарыбыз аткарылбай турган болсо жазында президенттин жана анын командасына карата объективдүү сын-пикирибизди айтабыз", - деди Бекназаров.

Жыйындын соңунда "Саясий туткундарды коргоо комитети" чечим кабыл алып, бийликке кайрылуу жолдоду.

"Саясий туткундарды коргоо комитети" бейөкмөт уюмунун талаптары:

Абактагы саясатчылардын иши жаңы жагдайларга байланыштуу кайра каралсын;

Аларга мыйзамсыз иш козгогон тергөөчүлөр, чечим чыгарган судьялар жоопко тартылсын;

Соттордун иштерине кийлигишип, бийликти сындаган саясатчыларды куугунтуктаганы үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаев жоопко тартылсын;

Саясатчылардын камалышынын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, алардын арасында абактагы саясатчылардын жактоочулары жана укук коргоочулар да болсун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан